Мыйзамсыз унаа киргизгендер кармалып, мамлекетке 6,2 млн сом төлөндү

Мыйзамсыз унаа киргизгендер кармалып, мамлекетке 6,2 млн сом төлөндү

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан “Кант” убактылуу сактоо кампасынан транспорт каражаттарды мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Европа биримдигинин өлкөлөрүнөн бажы транзити жол-жобосу менен киргизилген “VOLVO” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар жана “WIELTON” үлгүсүндөгү чиркегич транзит аяктагандан кийин бажылык тариздөө жана бажы төлөмдөрү төлөнгөгө чейин сактоодо турууга тийиш болгон. 

Андан ары инвентаризация жүргүзүү учурунда аталган транспорт каражаттарынын кампада жок экендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында транспорт каражаттары ээлеринин өкүлүнүн катышуусунда бажылык тариздөөсүз жана бажы төлөмдөрү төлөнбөстөн мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги белгилүү болду. 
Ошол эле күнү Токмок шаарында чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар төрт жүк ташуучу унаа табылып, кармалган. Транспорт каражаттары кайра кампага киргизилди.

Төлөнбөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы 6,2 млн сомду түзгөн. Материалдар тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Мамлекетке келтирилген 6 294 455 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгил