Ажылык сапарга 11-майдан тарта кетишет

Ажылык сапарга 11-майдан тарта кетишет

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылык сапарына кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү дүйнөнүн ар тарабынан келген мусулмандар Мекке шаарына жана башка ыйык жайларга агылып, ажылык ибадатын аткарууга даярдык көрүп жатышат.
Ажылык сапарындагы негизги талаптардын бири - Nusuk картасы (бейжик) болуп саналат. Аталган картасыз зыяратчылар Меккеге жана ыйык жерлерге кире алышпайт. Муфтият аталган картаны алууну эскертет.

Мындан тышкары, Nusuk картасы ажылар үчүн негизги кызматтарга жетүүнү камсыздап, алардын жүрүүсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөөгө жардам берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат