Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында тажрыйба алмашууну жана кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул багыттагы маселе жаратылыш ресурстары министринин орун басары, Кыргыз геологиялык кызматынын директору Амантур Турсуниязовдун Финляндиянын Геологиялык кызматынын делегациясы менен жолугушуусунда каралды.

Жолугушууда "DATA4CRM: Борбордук Азияда геомаалыматтарды башкарууну өркүндөтүү" долбоорунун алкагында алгачкы долбоордук миссияны уюштурууга даярдык маселелери талкууланды. Ага министрликтин, Кыргыз геологиялык кызматынын жана "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Долбоор геологиялык маалыматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, тармакты санариптештирүүгө жана жер казынасын пайдаланууну башкаруунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган.

Финляндия геологиялык чалгындоо, геомаалыматтарды санариптештирүү, геофизика жана геохимия багыттарында тажрыйбага ээ. Бул өлкөнүн адистери менен билим жана тажрыйба алмашуу кыргызстандык адистерге алдыңкы ыкмаларды өздөштүрүп, аларды өлкөнүн шарттарына ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз балын Сауд Арабия рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү

Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды

Кыргызстанда биринчи жолу электр тармактарында чыңалууну өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Нарында 137 млн сомдук мектептин курулушу 90% аяктады