Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул орунга волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерлигин койгон.

Бирок, шайлоо күнү талапкерлердин тизмесинде жалгыз Айваз Оморканов болгон.

29 жаштагы Оморканов 2020-2021-жылдан бери Эл аралык хоккей биримдигинин вице-президенти жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын башкы катчысы болуп иштеп келет.

Буга чейин бул кызматты Умбеталы Кыдыралиев аркалап келген.  У.Кыдыралиев ушул жылдын март айында өз кааалосу менен кызматын тапшырган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек

Өзгөндө жайыт жерге 51 миң сом зыян келтирилгени аныкталды

Өзгөндө жайыт жерге 51 миң сом зыян келтирилгени аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Жылалды айылынын Беш-Кепе тилкесинде З.Т. аттуу тургун болжол менен 100 чарчы метр

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкектеги Л.Толстой жана Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жол катмарын капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, 4-5-июлда Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн убактылуу чектелет.  Бишкек шаардык мэриясы убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле

Тескей Ысык-Көлдүн экономикасын өнүктүрүү демилгелери сунушталды

Тескей Ысык-Көлдүн экономикасын өнүктүрүү демилгелери сунушталды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында өтүп жаткан "Тескей Ысык-Көл" форумуна катышты. Форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана эксперттик чөйрөнү бириктирип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү келечеги, инвестиция тартуу жана Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүн арттыруу маселелерин талкуулоого