Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.
Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу түрдө тартуу фактысын аныктаган.
Колдо болгон маалыматка ылайык, курулуш иштерине тартылган аскер кызматкерлеринин арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте турган адамдар да болгон.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин алкагында И.А. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.