ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап, Министрлер кабинетинин корутундусун эске алуу менен колдогон.

Мыйзам долбоорунун максаты - Жазыкечүү айылынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Документке ылайык, жылдык компенсациянын өлчөмүн 70 млн сомдон 358 млн сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. 

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Б.Борбиев, М.Маматалиев, Т.Масабиров, К.Талиева, Ж.Салымбеков, Ы.Атажанов, А.Алтынбеков, Д.Бекешев, А.Исираилов, Р.Жунушбаева, А.Карабекова, М.Жеенчороев, Д.Джумабеков, Г.Сатиева, Г.Култаева, Ж.Садырбаева, Б.Калпаев, Б.Эргешов демилгелеген.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту

Ишкер Media
"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт. Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.  Мечиттин

Ишкер Media
Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Жаратылыш министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эки күндүк окуу жана тажрыйба алмашуу семинарын өткөрдү. Бул тууралуу 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Окутууда Кореянын абанын сапатын башкаруу системасы, атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары,

Ишкер Media
Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Баткен облусунун Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда. Долбоор аяктаса, 5 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чаба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда. Учурдагы

Ишкер Media