Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдрирүүгө караганда, ага байланыштуу №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу жүрүп, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт.

Ошондой эле №23 жана 18-автобустардын схемасы өзгөрөт.

Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарына жана конокторуна коомдук транспорттун кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту

Ишкер Media
"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт. Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.  Мечиттин

Ишкер Media
Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Жаратылыш министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эки күндүк окуу жана тажрыйба алмашуу семинарын өткөрдү. Бул тууралуу 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Окутууда Кореянын абанын сапатын башкаруу системасы, атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары,

Ишкер Media
Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Баткен облусунун Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда. Долбоор аяктаса, 5 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чаба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда. Учурдагы

Ишкер Media