Бакыт Төрөбаев менен Антье Граве экономикалык өнүгүүнү талкуулашты
23-июнда "Ынтымак Ордо" имаратында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык абалды жана 2023–2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү боюнча БУУ тутумунун кызматташтык программасын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары Кыргызстан социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле аймактардагы айыл чарба, экология, туризм, таза ичүүчү суу менен камсыздоо сыяктуу негизги багыттар боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Антье Граве Кыргызстан менен БУУ ортосундагы орто мөөнөттүү кызматташтык боюнча жаңы стратегиялык документ даярдалып жатканын айтып, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн колдоого багытталган кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирди.