Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ысык-Ата районунда 2026-жылдын тогуз айында сегиз ири өнөр жай ишканасы ачылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Ата районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышуу учурунда айтылды.

Президенттин администрациясы билдиргендей, жыл аягына чейин дагы төрт ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда, ал эми 2027-жылга 15 өнөр жай объектисин ишке киргизүү белгиленген.

Акыркы беш жылда райондо 67 объект пайдаланууга берилген, анын ичинде 7 мектеп, 9 фельдшердик-акушердик пункт, мини-футбол үчүн 30 аянтча, 4 спорт зал, 1 бала бакча, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 12 кызматтык үй жана таза суу менен камсыздоо боюнча 2 объект бар.

Ушул эле мезгилде райондо 128,51 км жолго асфальт төшөлгөн, анын ичинен 58,32 чакырымы 2026-жылы асфальтталган.

Өнөр жай секторунда акыркы беш жылда өсүмдүк майын өндүрүүчү эки ири завод пайдаланууга берилген.

Райондун айыл чарбасында асыл тукум малдын жогорку продуктуулугун камсыз кылуу менен алектенген 14 асыл тукум мал чарба кожолугу, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарын үрөн менен камсыз кылган беш үрөнчүлүк чарбасы бар.

Эгерде 2021-жылы кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү гектарына 405 центнерди түзсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 700–750 центнерге жеткен. Буудай жана арпа үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгү 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге жогорулаган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты

Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды