Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды
Бишкекте курулуш объектисинде коопсуздук талаптары сакталбаганы үчүн "Экспресс Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлады.
Маалыматка караганда, курулуш объектисинде коопсуздук талаптары сакталбастан жарнамалык видеоролик тартылган.
Видеодо Малдыбаев көчөсү 261 дарегинде жайгашкан 23 кабаттуу турак жай комплексинин курулуш объектисинде коргоочу тосмолордун жоктугу жана кызматкердин бийик кабатта тиешелүү коопсуздук каражаттарын колдонбогондугу тартылган.
Курулуш ченемдерине ылайык, кооптуу аймактарда иштеген кызматкерлер атайын каска, жилет, коопсуздук бут кийими жана башка жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы зарыл.
Аталган факты боюнча "Экспресс Строй" ЖЧКсына коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн 200 000 сом айып пул салынып, эскертүү берилди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу