Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Кантта 5 жылда  үч ири ишкана ачылган

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, 2021-2026-жылдары Кант шаарынын өнөр жай секторунда үч ири ишкана ачылган.

Алар:

  • "Кант цемент заводу" ААКсына салынган инвестициялардын көлөмү 5,25 млрд сомду түзүп, 736 жаңы жумуш орду түзүлгөн.
  • "Стилекс" ЖЧКсына 1,92 млрд сом инвестиция салынып, 80 жумуш орду түзүлгөн.
  • "БекемБлок" ишканасына 962 млн сом инвестиция салынып, 128 жумуш орду түзүлгөн.
Ошондой эле Калкты тейлөө борбору ачылып, 12 кызматтык жана беш муниципалдык үй берилген. Ошондой эле бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу пайдаланууга берилген.

Учурда шаарда бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу уланууда. Атап айтканда, К. Рыскулов атындагы № 2 мектептин ордуна 500 окуучуга ылайыкталган заманбап билим берүү мекемеси курулууда. Зубков атындагы № 1 мектептин кошумча корпусу дагы 250 окуучуну орун менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Кыргызшелк айылы таза ичүүчү суу менен толук камсыздалган. Бул үчүн 13 км суу түтүк тармактары тартылган. Мындан тышкары, маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн амфитеатрдын курулушу жүрүп жатат.

Келечектүү долбоорлордун катарында калдыктарды кайра иштетүүчү завод куруу, 40 автобус сатып алуу, ошондой эле жаңы муниципалдык базар куруу бар.

Мындан аркы өнүгүүнүн дагы бир багыты катары жеңил өнөр жайдын жаңы аймагын түзүү аныкталган. Бүгүнкү күндө бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар потенциалдуу инвесторлор бар.

Ошону менен бирге саркынды сууларды чыгаруу маселелерин чечүү жана экологиялык абалды жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты

Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Бишкекте 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду