ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты

6-ноябрда Астана шаарында КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жасалма интеллект чөйрөсүндөгү коопсуздук маселелерине арналган "Акаба процесси" саммитине катышты.

Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин башчылары, Иорданиянын Королу, башка өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, тармактык ведомстволордун жетекчилери жана эл аралык эксперттер келишти.

ТИМдин маалыматына караганда, саммиттин жүрүшүндө катышуучулар жасалма интеллект технологияларын террористтик жана экстремисттик максаттарда колдонууга, анын ичинде жалган маалымат жайылтууга, киберкоркунучтарга жана дипфейктерди колдонууга байланыштуу эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Кулубаев эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн, тажрыйба алмашуунун жана санариптик технологиялардын тез өнүгүшү менен келип чыккан жаңы коркунучтардын алдын алуу боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында аймактык жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо максатында "Акаба процессинин" алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги ырасталды.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Бишкекте 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган

Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды