Бостериде мыйзамсыз кум казуу фактысы аныкталды

Бостериде мыйзамсыз кум казуу фактысы аныкталды

24-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы токой тилкесинде мыйзамсыз кум казуу фактысы катталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкү рейд учурунда тескөөчүлөр мыйзамсыз казылып алынган кумду ташып бара жаткан үч оор жүк ташуучу “Howo” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Транспорт каражаттары айып короого киргизилип, окуя боюнча чогултулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле факт тиешелүү каттоо журналына расмий катталды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, мыйзам бузгандар кумду казып алып, пайда болгон чоң чуңкурларды курулуш таштандылары менен толтуруп, үстүн жука катмар кум менен жаап, мыйзамсыз аракеттерин жашырууга аракет кылышкан.

Учурда келтирилген экологиялык зыяндын көлөмү такталып, окуя териштирилип жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты