Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет
Кыргызстанда фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) колдонууга милдеттүү ишкердик субъекттеринин тизмеси кеңейтилди. Жаңы талаптар коомдук тамактануу жайларына, мейманканаларга, мончо жана сауналарга, май куюучу жайларга, медициналык мекемелерге жана дүкөндөргө тиешелүү болот. Туташуу 6 этаптан туруп, 2029-жылдын 1-февралина чейин ишке ашырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматына шилтеме берип, "Экономист" маалымат булагы жазып чыкты.
Милдеттүү түрдө туташтыруу ишкердиктин түрүнө, объекттин аянтына же сыйымдуулугуна жана жайгашкан жерине жараша жүргүзүлөт. Тиешелүү №737 токтомду Министрлер кабинети 2026-жылдын 4-ноябрында кабыл алган.
ФПКга өтүү этаптары
Биринчи этап — 2026-жылдын 1-августунан
Бишкек, Ош жана Манас шаарларында төмөнкү ишканаларга талап коюлат:
- 100дөн ашык орундуу жана (же) кардарларды тейлөө залынын аянты 100 м² ашкан ресторандар, барлар, кафелер жана тез татымдар, ошондой эле бир бренд алдында иштеген тармактык коомдук тамактануу жайлары;
- 50дөн ашык орундуу мейманканалар;
- кардарларды тейлөө үчүн бөлүнгөн жайларынын аянты 150 чарчы метрден ашкан мончолор жана сауналар.
Экинчи этап — 2027-жылдын 1-февралынан
Бул этапта талаптар 80ден ашык орундуу жана тейлөө залынын аянты 80 м² ашкан коомдук тамактануу жайларына да жайылтылат. Ага тармактык коомдук тамактануу жайлары, 50дөн ашык орундуу мейманканалар, май куюучу станциялар, аянты 150 м² ашкан мончолор жана сауналар камтылат.
Бул этаптагы талаптар Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Каракол жана Балыкчы шаарларында, ошондой эле Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондорунда ишке кирет. Биринчи этапта камтылган айрым объектилер үчүн кайталап талап коюлбайт.
Үчүнчү этап — 2027-жылдын 1-августунан - милдеттүү түрдө ФПК колдонуу төмөнкүлөргө киргизилет:
- медициналык борборлорго жана медициналык кызмат көрсөтүүчү башка уюмдарга;
- базарлар жана чакан базарлардан тышкары жайгашкан, аянты 50 м² ашкан тиричилик техникасын сатуучу дүкөндөргө;
- базарлар жана чакан базарлардан тышкары жайгашкан, аянты 50 м² ашкан косметика жана парфюмерия дүкөндөрүнө.
Төртүнчү этап — 2028-жылдын 1-февралдан - Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан ишкерлер менен уюмдар ФПК системасына туташууга милдеттендирилет.
Бешинчи этап — 2028-жылдын 1-августунан - Соода залынын аянты 100 м² ашкан дүкөндөргө тиешелүү болот.
Алтынчы этап — 2029-жылдын 1-февралынан - Соода борборлорунда жайгашкан дүкөндөр ФПК колдонууга өтөт. Бирок соода аралчалары, күркөлөр жана павильондорго бул талап тиешелүү болбойт.
Үчүнчүдөн - алтынчы этапка чейинки талаптар Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Каракол жана Балыкчы шаарларында, ошондой эле жогоруда аталган жети райондо колдонулат.
Фискалдык программалык камсыздоо кантип иштейт
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, бул система ишкерлер үчүн операцияларды эсепке алууну жеңилдетип, салык органдарына ишканалардын түшкөн кирешеси тууралуу толук маалымат алууга шарт түзөт.
Талаптардын тизмесин кеңейтүү чечими 2025-жылдын сентябрынан тартып жүргүзүлгөн пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. Салык кызматынын маалыматына ылайык, ФПОго туташкандан кийин долбоорго катышкан ишканалардын күнүмдүк орточо кирешеси кыйла өскөн. Ведомство муну акчалай эсептешүүлөрдүн толук чагылдырылышы менен түшүндүрөт.
Ишкерлер ФПКга туташуу боюнча 0312 62-08-67 телефону аркылуу кеңеш ала алышат.