Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар
Өлкөдө бир апта аралыгында, 2-ноябрдан 6-ноябрга чейин бир топ маанилүү окуялар орун алды. Алардын орчундууларын тизмектейбиз.
- Өлкө башчы Садыр Жапаров Таласта эл менен жолугушууда пенсиялардын өлчөмү жыл сайын байкалаарлык деңгээлде көтөрүлүп турарын билдирди.
"Биз ар жыл сайын пенсиянын көлөмүн жакшы эле көтөргөнгө аракет кылып келе жатабыз. Буюрса, жыл сайын байкаларлык көтөрүп турабыз деген планыбыз бар", - деди президент.

- Кыргызстанда фермерлерди жана айыл чарба ишканаларын колдоо максатында 44,61 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоо берилет.
Тиешелүү келишимге Айыл чарба жана Финансы министрлиги, "АБанк" жана "Элдик Банк" кол коюшту.
Долбоордун алкагында ишкерлер жана жеке жактар айыл чарба техникаларын жана жабдууларын сатып ала алышат.

- Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу маселесин кароону өкмөткө тапшырды. Министрлер кабинети маселени бир айда карап чыгып, алты айдын ичинде мыйзам чегинде жөнгө салышы зарыл.
Мамлекет башчысы бул чаралардын максаты - экономикалык кирешени сактоо эмес, калктын, айрыкча келечек муундун саламаттыгын коргоо экенин белгиледи.

- Кыргызстанда 2026-жылдын 1-декабрынан тартып аскер ардагерлеринин пенсиялары 5 500 сомдон 13 000 сомго чейин көбөйтүлөт.
Коргоо министрлиги билдиргендей, пенсиялык төлөмдөрдүн көбөйүү өлчөмү ар бир пенсионер үчүн жекече аныкталат.

- МинКаб башчысы Адыбек Касымалиев 5-ноябрда Манас шаарындагы бир катар объектилердин ачылышына катышты. Сапардын жүрүшүндө "Металлстрой" заводу жана 1065 батирлүү "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси пайдаланууга берилди.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусундагы дагы 16 объект онлайн форматта ачылды. Алардын арасында жогорку окуу жай, мектептер, медициналык пункт, кыш заводу, спорттук жана маданий жайлар бар.

- Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында 15 млн доллар өлчөмүндө кошумча каржылоо сунушталууда. Бул каражаттын 10 млн доллары насыя, 5 млн доллары грант түрүндө берилет.
- Өлкөдө интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлду.
Айыл чарба министрлигинын маалыматына ылайык, долбоорго Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан 370 509 АКШ доллары өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлөт.

- Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул көрсөткүч 2025-жылдын бүтүндөй жыйынтыгынан 36,61 млрд сомго көп.
- Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул ата мекендик дыйкандар жана экспорттоочулар үчүн Кытай рыногуна чыгууга жаңы мүмкүнчүлүк түзөт.
- Өлкөдө 2027-жылдын январь айында жарандар катары менен 7 күн, тактап айтканда 1-январдан 7-январга чейин эс алышат. Ал эми 8-январь жумуш күнү башталмакчы.
Ушул жана башка маалыматты, Ишкер медианын жаңылыктар түрмөгүнөн таба аласыздар.