Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды
Чүй облусунун Жайыл районунда таштандыларды белгиленбеген жерге таштаган компанияга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш министрлиги билдиргендей, интернет булактарында бул боюнча маалымат жарыяланган.
Текшерүү өндүрүш аймагынын айланасында жүргүзүлүп, анда турмуш-тиричилик калдыктарынын атайын белгиленбеген жерге ташталгандыгы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 17 000 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрүнө мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу