Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын финансы секторундагы технологиялык чакырыктар жана өнүгүү келечегине арналган конференция болуп өттү. Ага мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын, коммерциялык банктардын, IT-компаниялардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тараптар төмөнкү темаларды талкуулашты:

∙ финансы рыногун санариптик трансформациялоо
∙ төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты
∙ киберкоркунучтар жана алдамчылыкка каршы аракеттенүү
∙ тобокелдиктерди башкарууда жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууда жасалма интеллектти колдонуу ж.б.

FinConference 2026 финансы сектору, мамлекет жана технологиялык бизнес үчүн баарлашуучу аянтча болуп калды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды

10-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу берилбейт