Жыл башынан бери өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталып, 24 адам каза болду
17-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштердин жыйынтыгы жана жылдын экинчи жарымына карата милдеттер талкууланган коллегия өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында маалымдалгандай, 2026-жылдын алты айында өлкөдө 33 өзгөчө кырдаал катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 учурга көп. 2025-жылдын алты айында 7 өзгөчө кырдаал катталган.
Министрдин орун басары Алмазбек Асановдун маалыматы боюнча, быйыл кырсыктардан 24 адам көз жумду. Өткөн жылы бул мезгилде адам өлүмү катталган эмес.
Ошондой эле өлкө боюнча 1258 өрт кырсыгы жана 280 сел катталган. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 775 техника жана 4114 адам тартылып, 149 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Селден кийин 1874 турак үй жана короо-жай, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык-канал жана 96,5 чакырым жол тазаланган.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдардан 6 ай ичинде 197 адам куткарылган. Ошондой эле кооптуу аймактарды аныктоо боюнча 1322 байкоо жана изилдөө жүргүзүлгөн.
Алдын алуу чараларынын алкагында 5801 метр дамба жана 131 метр темир-бетон тосмо курулуп, 1651 турак жай жана 875 гектар айыл чарба аянты корголгон.
Коллегияда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев кырсыктардын алдын алуу, куткаруу иштерин жакшыртуу жана жарандык коргонуу багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Министр адам өмүрүн сактоо ӨКМдин негизги артыкчылыгы экенин белгилеп, сууга чөгүүнү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ошондой эле куткаруучуларды заманбап жабдуулар менен камсыздоону тапшырды.
Жыйындын соңунда 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата ӨКМдин негизги милдеттери белгиленди.


