Кыргыз текстиль продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу пландалууда

Кыргыз текстиль продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу пландалууда

Президенти Садыр Жапаровдун текстиль жана тигүү тармагын мамлекеттик деңгээлде колдоо саясатынын алкагында, жеңил өнөр жайын заманбап өндүрүшкө айландыруу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июлда Сокулук районунун Дача-Суу айылында жайгашкан “Кыргыз Текстиль Хабында”өндүрүштүк инфраструктураны чыңдоо, материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү, ошондой эле кыргыз текстиль продукциясын Европа жана дүйнөлүк рынокко чыгаруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкууланды.

“Кыргыз Текстиль Хабын” өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлордун негизги максаты – өлкөнүн текстиль тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, инвестицияларды тартуу, ата мекендик өндүрүштү кеңейтүү, импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган сапаттуу продукцияны көбөйтүү.

Бул хаб – жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизген, заманбап технологияларды өздөштүргөн, инвестицияларды тарткан жана миңдеген жарандарды туруктуу жумуш менен камсыз кылууга багытталган стратегиялык долбоор. 

Анын ийгиликтүү ишке ашуусу жергиликтүү ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө, өлкөнүн текстиль жеңил өнөр жайынын потенциалын бекемдөөгө жана Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media