Прокуратура: Алимент мурдагы жубайыңа эмес, өз балаң үчүн төлөнөт
Чүй районунун прокуратурасы ата-энелерди балдарын багуу боюнча мыйзамдагы милдеттерин так аткарууга чакырды.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, баланы тарбиялоо жана материалдык жактан камсыз кылуу ата-энелердин моралдык гана эмес, мыйзам менен бекитилген түздөн-түз милдети болуп саналат. Ар бир бала татыктуу жашоого, билим алууга, медициналык жардам алууга жана толук кандуу өнүгүүгө укуктуу.
“Баланы багуу – мыйзамдын гана талабы эмес, ата-энелик парз жана адамдык жоопкерчилик”, – деп билдиришти Чүй районунун прокуратурасынан.
Айрым учурларда соттун алимент өндүрүү боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, ата-энелер балдарын камсыз кылуудан атайылап баш тартып жатканы белгиленүүдө. Мындай аракеттер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Чүй районунун прокуратурасы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Жоопкерчилик алимент боюнча карыздын болушу үчүн гана эмес, сот чечимин атайылап аткарбоо, кирешесин жашыруу, жашаган же иштеген жерин билдирбей өзгөртүү, сот аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоо сыяктуу аракеттер үчүн каралган.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Чүй районунда Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча 16 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 14 иш соттун кароосуна жөнөтүлүп, 2 иш мыйзамда белгиленген тартипте кыскартылган.
Прокуратура ата-энелерге алимент мурдагы жубайына эмес, биринчи кезекте баланын кызыкчылыгы үчүн төлөнөрүн эскертти. Баланын тамак-ашы, кийим-кечеси, билим алуусу жана ден соолугу ата-энелердин жоопкерчилигине түздөн-түз байланыштуу экени белгиленди.