Кыргызстан Түркиянын жашыл экономикадагы тажрыйбасын үйрөнүүдө

Кыргызстан Түркиянын жашыл экономикадагы тажрыйбасын үйрөнүүдө

Кыргыз Республикасынын делегациясы Түркия Республикасына болгон окуу сапарынын алкагында жашыл экономика, климаттык каржылоо жана көмүртек чыгарындысын башкаруу боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү мекеменин маалыматына ылайык, 21–23-июль күндөрү өткөн окуу сапарынын жүрүшүндө делегация Түркиянын Жашыл таксономияны өнүктүрүү, жашыл инвестицияларды тартуу, парник газдарын мониторингдөө (MRV) жана чыгарынды квоталары менен соода жүргүзүү системасын (ETS) киргизүү боюнча практикалык тажрыйбасын үйрөндү.

Жолугушууларда туруктуу инвестицияларды өнүктүрүү, климаттык долбоорлорду каржылоо, өнөр жайды декарбонизациялоо жана көмүртек рыногун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, делегация Анкара шаарындагы Votorantim Cimentos цемент заводунда болуп, экологиялык стандарттарды сактоо, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана парник газдарынын чыгарындысын азайтуу боюнча колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын бул багыттагы тажрыйбасы Кыргызстандын Жашыл таксономиясын өнүктүрүүгө, туруктуу каржылоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.

Кыргызстан жашыл экономикага өтүү жана климаттык демилгелерди ишке ашыруу боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну мындан ары да улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media