Ошто уруксатсыз курулуш жүргүзгөн компания 200 миң сомго айыпка жыгылды
Ош шаарында мыйзамсыз курулуш иштери аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштерин Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин шаардык башкармалыгы жүргүзгөн.
Текшерүүдө Керме-Тоо кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу турак жайдын курулушунда жер казуу жана пайдубалын тургузуу иштери уруксат берүүчү документтерсиз башталганы белгилүү болду.
Бул факт "Шаар куруу, архитектура жана курулуш жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу катары бааланып, "Компания Рамазан" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузуулар толук жоюлуп, тиешелүү уруксат берүүчү документтер мыйзам талаптарына ылайык таризделгенге чейин объекттеги бардык курулуш иштери токтотулду.