"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады.
Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар.
Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча курстарды камтып, аялдардын лидерлик жана башкаруучулук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.