Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган.

Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде” – деп суктанууларды айтып, буйрутмаларды берүүгө негиз болуп, кардарларынын алкышына арзып жаткан кез. “Ишкер медиа” дагы жаш таланттын ишмердүүлүгүнө кызыгып - Нурсултан менен анын чыгармачылыгы, алгачкы кадамдары жана келечек пландары тууралуу маектешти.

Алгач өзүң тууралуу айтып берсең. Учурда эмне менен алексиң?

Мен Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп, ошол жерде чоңойгом. Үй-бүлөдө эң кичүү баламын. Бир байкем, бир эжем жана ата-энем бар. Үйлөнө элекмин. 28 жашка чыктым.

Азыркы учурда Москва шаарында курулуш тармагында иштеп жатам. Кыргызстанга жылына бир же эки жолу барып турам.

Портрет жасоо өнөрүнө качан кызыгып баштадың эле?

Мындан төрт жыл мурда жасап баштагам. Мектепте окуп жүргөндө кол эмгек жана сүрөт сабагына кызыгып, мектеп аркылуу өткөрүлгөн сынактарга катышып турчумун. Башында сүрөт тартып, аларды социалдык тармактарга чыгаргым келген. Бирок сүрөт тарткан адамдар абдан көп болгондуктан, эч кимде жок, өзгөчө бир нерсе жасагым келчү.

 Бул ыкманы кимден үйрөндүң, устатың ким?

Өзүм эле үйрөнгөм. Билгеним боюнча, эч кимге окшобогон иш жасадым. Эң алгачкы сүрөтүмдү 2022-жылы YouTubeга жүктөгөм. Биринчи тарткан портретим — кумир туткан футболчум Криштиану Роналду болгон.

Чоң атам жыгач уста болгон, керебеттер менен сандыктарды мыкты жасаган киши болчу. Мүмкүн, жөндөмүм ошол чоң атамдан калган болсо керек деп, ойлойм.

Бир портретти жасоого канча убакыт кетет? Буйрутма аласыңбы?

Негизинен бир портретке 8–12 саат кетет. Бирок жумушума байланыштуу күнүнө 2–3 саат гана убакыт бөлө алам. Ошондуктан азыр бир портретти бир нече күндө бүтүрүп жатам.

Бул менин толук кандуу ишмердүүлүгүм деп айта албайм. Көп адамдар “заказ аласыңбы?” деп сурашат. Бирок физикалык жактан баарын жасап бүткөнгө үлгүрбөйм. Негизги жумушум башка. Ошондуктан кээде гана заказ кабыл алып калам.

Бир портретти канча сомго жасайсың?

Баасын көңүлдөн чыкканын бергиле, деп айтам. Ким кандай бааласа, ошончо беришет.  Кээде бир сүрөткө 20 миң сом берген учур да болгон.

Жасаган иштердин ичинен өзгөчө эсте калганы кайсы?

Эң эсте калган портрет - устазыбыз Чубак Ажы Жалиловдун портрети. Аны жарыялагандан кийин көп адамдар жакшы сөздөрүн жазып, комментарийлерге оң пикирлерин калтырышты. Ошол кишинин портретин көптөр сурашты. Андан тышкары, дал ошол портрет мага - эң көп катталуучу алып келди.

Мага катталуучулар абдан жакшы, жылуу сөздөрдү жазышат. Аларды окуп, кайрадан иштөөгө шыктанам. Ошондуктан кайра-кайра жасагым келет.

 Сага көбүнчө кимдер кайрылышат?

Көбүнчө Instagram аркылуу кайрылышат. Блогерлер жана ырчылар да сурашат.

Азыр жаңы, өзгөчө бир искусствонун түрүн ойлонуп жатам. Жасай турган ишим эч жерде жок, эң алгачкысы болот деп ишенем. Аны менен да жакында таанышасыздар.

Келечекте бул өнөрдү кандай деңгээлге жеткиргиңиз келет?

Келечекте мен - музей ачууну ойлоп жатам. Бирок картондон эмес, темир жана алюминийден чоң портреттерди жасап чыгуу максатым бар.

Бул чыгармачылыктан сырткары кандай кыялдарың бар?

Келечекте өзүмдү кино тасмада, каарман катары көргүм келет. Бул - менин кыялым. Сүрөттөн башка дагы кызыгууларымдын бири - кино. Негизи сценарий жазам, азыр китеп жазып жатам. Келечекте аны киного айландырууну да максат кылып жатам. Кинодон сунуш болсо экен, деп күтүп жүрөм.
Нурсултан үчүн картонго портрет тартуу жөн гана бош убакытты өткөрүүнүн жолу эмес. Бул - өзүнүн эмгеги, чыдамкайлыгы жана чыгармачылыгы менен мүмкүнчүлүктөрдү издөөнүн бир жолу. Бир караганда жөнөкөй көрүнгөн картондун үстүнө адамдын жүзүн так түшүрүү үчүн ал бир нече күн убактысын коротот. Нурсултандын окуясы чыгармачылык үчүн сөзсүз чоң мүмкүнчүлүк же кымбат материал керек эместигин көрсөтөт. Эң негизгиси - кызыгуу, эмгек жана баштаган ишти аягына чыгарууга болгон аракет керек.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media