Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.  

Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жана жаштар бирикмелеринин өкүлдөрү катышты. Өзүнүн ыкмаларын жана тажрыйбасын Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Болгария жана Кытайдан келген адистер сунушташты.

Катышуучулар атом энергетикасын өнүктүрүүнүн келечегин жана анын көмүртек бөлүп чыгарууну азайткан экономикага өтүүдөгү ролун талкуулашты. Өзүнчө баяндамалар заманбап технологиялар жана тынчтык атомунун энергиясынын мүмкүнчүлүктөрүнө: атом энергетикасында жасалма интеллект жана санарип эксперттик системаларды колдонуу, аз кубаттуулуктагы атом станцияларынын потенциалы жана ядролук энергияны тынчтык максатта пайдаланууга көзөмөл жүргүзүүгө көңүл бурулду.

“Бүгүнкү күндө биз адистердин күч-аракетин бириктирип, ядролук технологияларды кошо алганда, энергетиканы өнүктүрүүнүн келечегин комплекстүү талдап, кадрларды даярдоонун жогорку деңгээлине өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Бишкектеги семинар Кыргызстанда жана жалпы Борбор Азия аймагында энергетикалык коопсуздуктун кызыкчылыгында кесиптик диалог жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн аянтча болот, деп ишенебиз”, — деп белгиледи атом энергетикасы жана өнөр жайы ардагерлеринин эл аралык союзунун төрагасы Павел Ипатов.

Өз сөзүндө КРнын энергетика министринин орун басары Бекнур Маратбеков - Кыргызстан үчүн энергетиканы өнүктүрүү, биринчи кезекте ишенимдүү энергия менен узак мөөнөттүү энергетикалык коопсуздуктун маселеси экенин билдирди.

“Атомдук технологияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканда, биз коопсуздукту, улуттук адистерди окутууну жана зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүүнү артыкчылыктуу деп көңул бурушубуз керек. Бул жерде эл аралык уюмдар жана бул тармакта тиешелүү тажрыйбага ээ өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу өзгөчө маанилүү: ал республиканын кызыкчылыктарын эске алуу менен негиздүү чечимдерди иштеп чыгууга жардам берет”, — деди Бекнур Маратбеков.

Семинардын программасына ошондой эле уран мурасы менен байланышкан маселелер да кирди. Эксперттер уран калдыктарын сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны карап чыгышты. «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов корпорациянын Кыргызстанда кайра жаралуучу энергетика, жогорку технологиялык медицина жана экологиялык коопсуздук жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алышты. Анда Борбор Азия өлкөлөрүндө атом энергетикасы долбоорлорун ишке ашыруу үчүн ядролук инфраструктураны түзүү, ошондой эле энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана Кыргызстандын энергия менен камсыздалышына мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу зарылчылыгы белгиленген. Мындан тышкары, атом тармагынын ардагерлеринин тажрыйбасына таянуу менен жаш адистерди даярдоонун маанилүүлүгү айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media
Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "ОбидФайз" ЖЧКнын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоордун инвестициясы 393,7 млн сом, ишкананын өздүк каражатынан каржыланган. Курулуш иштери аяктап, завод пайдаланууга даяр. Ишкана суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын

Ишкер Media