Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды.
Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды.
Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.