ИИМ: КРнын мыйзамдарын билбей туруп, жарнамаларды жарыялабагыла!

ИИМ: КРнын мыйзамдарын билбей туруп, жарнамаларды жарыялабагыла!

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Instagram социалдык тармагындагы «kendir_too» баракчасы аркылуу курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар продукцияларды жарнамалоо жана сатуу менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

ИИМнин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул жарандар иштетип жаткан «М» дүкөнүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар чай, ун, май, спрей жана витаминдүү капсулалар табылып, алынган жана экспертизага берилген.

Ал эми Юстиция минстрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык изилдөөгө берилген заттардын курамында – каннабис саманынын концентраты (марихуана) баңгизаты бар экендиги далилденген.

КРда контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмегине ылайык – каннабис саманынын концентраты (марихуана) Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган баңгизат каражаттары болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги эскертет: ишкердик менен алектенерден мурда КРнын мыйзамдарын, укуктук ченемдик актылардын талаптары менен толук кандуу таанышуу жана так аткаруу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media
Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Бүгүн Бишкекте БУУӨПтүн "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулук" долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров катышты. Анын айтымында, БУУӨПтүн колдоосу 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө. Кызматташуунун алкагында: • коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча

Ишкер Media
Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу Курулуш министирлиги билдирди. Маалымдалгандай, объекттин курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы токтоп калган. Адистер имараттын долбоордук документтерин карап чыгып, конструкцияларына инженердик-техникалык талдоо жүргүзүп, өлчөөлөрдү алды. Жыйынтыгында техникалык абал

Ишкер Media
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди. Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды. Мыйзам

Ишкер Media