"Росатом" жана РКӨФ шамал электростанциясын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту

"Росатом" жана РКӨФ шамал электростанциясын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту

2026-жылдын 6-августунда VIII Кыргыз-россия экономикалык форумунда (Ысык-Көл обл. Бостери айылы) «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧКсы («Росатом» мам.корпорациясынын «кайра жаралуучу энергия» дивизионуна кирет) жана Россия-кыргыз өнүгүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.

Документке «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Дмитрий Андреев менен Россия-кыргыз өнүгүү фондунун (РКӨФ) башкармасынын төрагасы Артем Новиков кол коюшту.

«Бул келишим «Росатомдун» шамал паркын куруу боюнча Кыргызстандагы биринчи долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. «Росатом» долбоорлоодон жана куруудан баштап кийинки эксплуатацияга чейин шамал энергиясы долбоорлорун иштеп чыгуучу болуп саналат. Финансылык институттардын колдоосу жана жакшы тандалган каржылоо модели өлкөнүн инвестициялык климатын калыптандыраарына мен ишенем. Мында долбоорлоодон баштап эксплуатациялоого, «жашыл» энергия объектилерин курууга чейин инвестиция салууга даяр турган «Росатом» сыяктуу ири оюнчуларды Кыргызстан өзүнө тартып жатканы көрүнүп турат», - деп белгиледи Дмитрий Андреев.
“Тараптардын келишимге кол коюушу КРсы үчүн бул маанилүү инвестициялык долбоорду ишке ашырууга болгон кызыгуусун көрсөтүүдө. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун чыңдоо, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтуу үчүн кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүнү маанилүү багыт катары көрөт” - деди, Артем Новиков.

 Маалымат үчүн:

  • “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын “Кайра жаралуучу энергия” дивизиону шамал энергетикасы долбоорлорунун интегратору болуп саналат, шамал электр станцияларын долбоорлоодон баштап аларды техникалык тейлөөгө чейинки маселелердин толук спектрин натыйжалуу чечет. Бүгүнкү күнү Россиянын түштүгүндөгү 10 шамал электр станциясы ийгиликтүү ишке киргизилип, анын жалпы кубаттуулугу 1,3 ГВттан ашат. 2028-жылга чейин «Росатом» жалпы кубаттуулугу болжол менен 2 ГВт болгон шамал электр станцияларын ишке киргизүүнү пландаштырууда.
  • Бул долбоорду Кыргызстанда - өлкөдө каттоодо турган, аймакта кайра жаралуучу энергия долбоорлорун куруу үчүн атайын түзүлгөн юридикалык жак - «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧК ишке ашырууда («Росатомдун» «Кайра жаралуучу энергия» дивизиону кирет).
  •  Россия-кыргыз өнүгүү фонду 2014-жылдын 24-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын ортосундагы «Россия-кыргыз өнүгүү фонду жөнүндө» келишимге ылайык түзүлуп, иш алып барууда. Өнүгүү фонду Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграциялоо процессинде негизги инструмент болуп саналат. Өнүгүү фондунун максаты - Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, ошондой эле тараптардын Евразия экономикалык интеграциясына катышуусунан келип чыккан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media
Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Бүгүн Бишкекте БУУӨПтүн "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулук" долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров катышты. Анын айтымында, БУУӨПтүн колдоосу 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө. Кызматташуунун алкагында: • коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча

Ишкер Media
Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу Курулуш министирлиги билдирди. Маалымдалгандай, объекттин курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы токтоп калган. Адистер имараттын долбоордук документтерин карап чыгып, конструкцияларына инженердик-техникалык талдоо жүргүзүп, өлчөөлөрдү алды. Жыйынтыгында техникалык абал

Ишкер Media
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди. Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды. Мыйзам

Ишкер Media