Токтогулда "Таза суу" долбоорунун экинчи этабы ишке кирди

Токтогулда "Таза суу" долбоорунун экинчи этабы ишке кирди

Токтогул шаарында "Таза суу" долбоорунун II фазасын ишке ашыруунун алкагында негизги суу өткөрүүчү түтүктөрдү төшөө үчүн даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Токтогул шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда суу түтүктөрү өтө турган тилкелер даярдалууда. Жүргүзүлүп жаткан иштер менен Токтогул шаарынын мэри Рамис Омурканов жана шаардык кеңештин төрагасы Мирбек Борбугулов жеринен таанышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө калаа мэри жооптуу кызматтарга курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык сапаттуу жүргүзүп, өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

"Таза суу" долбоорунун II фазасы ишке ашырылгандан кийин Токтогул шаарынын тургундарын сапаттуу жана таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу шарттары жакшырары күтүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук

Ишкер Media
Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте

Ишкер Media
Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Жол чарба департаменти, шаардык прокуратура, мэрия жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда комиссиялык түрдө өттү. Жыйынтыгында суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандырууда долбоордон четтөөлөр жана

Ишкер Media
Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Талас шаарында "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишкерлер жана стартап идеясы бар жарандар менен маалыматтык жана B2B форматындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарада “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик каржылык колдоонун механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары

Ишкер Media