VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: негизги иш-чаралар кайда жана качан өтөт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Бишкек аренада” башталып, негизги бөлүгү 2026-жылдын 1–6-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтөт. Оюндардын расмий программасы бекитилип, ага спорттук мелдештерден тышкары маданий жана илимий иш-чаралар да киргизилди.

Иш-чаранын негизги аянтчалары

  • Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору: 1–6-сентябрга чейин бул жерде "Улуу тоолордун баяны" аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү, сүрөт тартуу, карапа жасоо жана скульптура боюнча мастер-класстар, ошондой эле от-жалындын шоусу өткөрүлөт. 3-сентябрда "Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек" аттуу эл аралык илимий конференция өтөт.
  • Чолпон-Ата ат майданы жана “Көк бөрү” аренасы: Ипподромдо 1–4-сентябрь аралыгында “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-ыр фестивалы, 4-сентябрда улуттук ат чабыштар жана 6-сентябрда оюндардын жабылуу аземи өтөт. 2–6-сентябрь аралыгында “Көк бөрү” аренасында ат чабыш мелдештери, эр эңиш, тыйын эңмей жана көк бөрүнүн финалдык беттештери өтөт.
  • Кырчын жайлоосу — "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасы: 2–5-сентябрда "Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас" аттуу ачылыш аземи өтөт. Ошондой эле боз үйдү тез тигүү боюнча мелдеш, этно-ырлар сынагы, акындардын айтышы жана Кыргызстандын облустарынын салт-санаасын тааныткан көрсөтүүлөр уюштурулат. Мындан тышкары, ордо, жаа атуу, таяк тартыш, салбурун жана алыс аралыкка ат чабыш боюнча спорттук мелдештер өтөт.
  • Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борбору: 2–5-сентябрда бул жерде "Көчмөндөр санаты" аттуу эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт. Анын алкагында манасчылар, аспапчылар жана ырчылар арасында сынактар уюштурулат.
  • "Дордой-Номад" комплекси: 2–5-сентябрда аянтта Nomad Fest фестивалы, этно-мода көрсөтүүлөрү, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана жарманке өтөт.
  • "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплекси жана "Евразия" отели: "Газпром" комплексинде алыш, күрөш, кыргыз күрөшү, самбо жана башка күрөш түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Ал эми "Евразия" отелинде тогуз коргоол, овари жана мангала боюнча интеллектуалдык оюндар уюштурулат.

Иш-чарага кирүү жеткиликтүүлүгү

Кырчын жайлоосундагы, "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексиндеги, "Евразия" отелине, Көчмөндөр цивилизациясынын борборундагы иш-чараларга жана ошондой эле ат майданындагы күндүзгү ат чабыштарды көрүү акысыз болот. Ал эми "Рух Ордо" жана "Дордой-Номад" фестивалдарына, "Көчмөндөрдүн жаңырыгы" концерттерине, көк бөрү боюнча финалдык оюндарга жана ат майданындагы жабылыш аземине кирүү билет менен жүргүзүлөт. Билеттер nebs.gov.kg сайтында сатылат. Ал эми эл аралык илимий конференцияга катышуу атайын тизме боюнча жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media