Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү
23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт.
Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев жана лицей директору Альберт Колопов.
Меморандумдар "Кыргызстандагы транспорт тармагынын абалы жана кадр даярдоо" аттуу эл аралык семинардын алкагында түзүлдү. Семинарга Орусия, Казакстан жана Гонконгдон адистер катышты.
Семинарда авто, авиа, темир жол, логистика жана санариптештирүү маселелери талкууланды.