Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз
Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи.
Анын айтымында, Чаткал районунда дагы совет мезгилинде курулган социалдык объектилерди жаңылоо зарылдыгы бар.
"Биз жогоруда аталган көйгөйлөрдүн ичинен мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечебиз деген максатты койдук. Анан дароо бала бакчалар менен маданият үйлөрүнө көңүл бурабыз", - деди президент.
Ошондой эле райондун инфраструктурасын жакшыртуу жана калктын жашоо шартын жогорулатуу боюнча иштер улантылары белгиленди.