Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда
Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык.
Аткарылган иштер:
• 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү
• Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду
• 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99% аяктады
Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча тапшырма берген. Жол Сары-Челек коругуна каттамды жакшыртып, жергиликтүү тургундар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.