Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү
Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен.
Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында "Капиталдык салымдар" беренеси аркылуу райондогу беш курулуш объектисине 233 млн сом каралган. Анын ичинен 1-октябрга карата 216 млн сом бөлүнгөн.