Кыргызстан менен Казакстан дары-дармектерди биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармектерди биргелешип сатып алууну талкуулады

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору "СК-Фармация" компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тажрыйба алмашуу, дары-дармектерди борборлоштурулган сатып алуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар 2027-жылга дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды биргелешип сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Ошондой эле логистика, баа түзүү жана калкты дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча орчундуу маселелер көтөрүлдү.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктап, калкты сапаттуу жана жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашты.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери текшерилди

Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Момбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө жол куруу иштеринин сапатына, аткарылып жаткан жумуштардын көлөмүнө жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көңүл бурулду. Министрдин

Москва райондук архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Москва райондук архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Тилек Уметалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Ведомствонун маалыматына ылайык, тиешелүү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду. Жаңы жетекчини Шаар куруу жана архитектура департаментинин

Бакай-Атада ишкер кампасындагы дан куурайды Орусияга экспорттой баштады

Бакай-Атада ишкер кампасындагы дан куурайды Орусияга экспорттой баштады

Талас өрөөнүнүн Бакай-Ата районунда жеке ишкер Эмилбек Мамыралиев жеңилдетилген насыянын эсебинен мөмө-жемиш сактоочу кампасын жаңылап, заманбап муздаткычтарды орнотту. Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу кызматы билдиргендей, учурда кампа толук иштеп, айыл чарба азыктарын сапаттуу сактоого шарт түзүлдү. Ишкер азыр кампасында дан куурай сактап, четинен Орусияга сата

Жыргалаңда боз үйлөр шаарчасы курулууда

Жыргалаңда боз үйлөр шаарчасы курулууда

Ысык-Көл облусунун Жыргалаң аймагында 240 орунга ылайыкталган боз үй шаарчасы курулууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти. Учурда боз үйлөр орнотула турган аянттардын пайдубалдарын даярдоо иштери жүрүп, айрым тилкелерде конструкцияларды орнотуу иштери башталды. Курулуш иштери бир нече тилкеде катар жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, боз үйлөр заманбап шарттар