Улуттук банк 8 айда каттоосун жокко чыгарган 6 эл аралык электрондук акча системасы тууралуу түшүндүрдү

Улуттук банк 8 айда каттоосун жокко чыгарган 6 эл аралык электрондук акча системасы тууралуу түшүндүрдү

Улуттук банктын расмий маалыматтарына ылайык, 2023-жылы эл аралык электрондук акча системаларынын бир дагы операторунун каттоосу жокко чыгарылган эмес. Ал эми 2024-жылы жана 2025-жылы бирден оператор каттоодон ажыратылган. 2026-жылдын 8 айында мындай учурлардын саны алтыга жеткендигине байланыштуу Ишкер медиа Улуттук банкка кайрылып, каттоонун жокко чыгарылышына кандай себептери бар экенине кызыгып, маалымат алды.

Улуттук банк - төлөм системасын көзөмөлдөгөн (оверсайт) орган болуп саналат жана КРнын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана ишинин коопсуздугун, туруктуу финансы системасын сактоо, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн таламдарын колдоо жана коргоо, мыйзамдарды сактоо максатында төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишине туруктуу мониторинг жүргүзөт.

Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, 2026-жылы каттоосу жокко чыгарылган операторлордун арасында WebMoney Kazakhstan, Innopay, Cabbagino Payments, One Click, MaxPay жана Yurta бар.

Аты аталган каттоосу жокко чыгарылган эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун/ эл аралык электрондук акча эмитенттери тууралуу толук маалымат:

Аталышы

КРУда каттоодон өткөн күн

КРУБ каттоосун жокко чыгарган күн

Каттону жокко чыгаруу себептери

Innopay

26.08.2019

15.04.2026

Жайгашкан өлкөсүндө каттоосун жокко чыгаруу 

WebMoney Kazakhstan

30.12.2019

15.04.2026

Оператордун реестрден чыгаруу тууралуу арызы

One Click

14.08.2020

11.08.2026

Оператор катары КРнын аймагында ишти жүргүзбөгөн 

Yurta

16.01.2023

20.08.2026

Оператор катары КРын аймагында ишти жүргүзбөгөн 

MaxPay

09.11.2023

11.08.2026

Оператор катары КРнын аймагында ишти жүргүзбөгөн

Cabbagino Payments

19.01.2024

01.06.2026

Оператордун реестрден чыгаруу тууралуу арызы 

Каттоону жокко чыгаруунун негизги себептеринин бири — оператордун Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзбөй калышында. Мындан тышкары, каттоо өз өлкөсүндө берилген лицензия же уруксаттын жокко чыгарылышына, оператордун каттоону токтотуу тууралуу өзүнүн өтүнүчүнө, КРнын мыйзамдарын, анын ичинде акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы талаптарды бузууга байланыштуу да жокко чыгарылышы мүмкүн.

Ошондой эле оператор Кыргызстанда иш алып баруу үчүн жергиликтүү агент менен тиешелүү келишим түзбөсө же мындай келишим түзүлгөндөн кийин 12 айдан убакыт ичинде ишин баштабаса, каттоосу жокко чыгарылышы мүмкүн.

Эл аралык акча системаларынын операторлоруна лицензия берүүнүн тартиби

Борбордук банктын түшүндүрмөсүнө ылайык, эл аралык электрондук акча системасынын оператору же эмитенти Кыргызстанда иш жүргүзүү үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Каттоосу жок иш алып барууга жол берилбейт.

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускаларын же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштайт:

1) каттоодон өтүү жөнүндө арыз:

  • эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/акча эмитентинин аталышы;
  • электрондук акча системасынын аталышы;
  • электрондук акча инструментинин  аталышы (болсо);
  • оператордун/эмитенттин юридикалык жана айкын даректери тууралуу маалымат;

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана түзүлгөн өлкөсүн тастыктаган анын мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн ж.б. документтин көчүрмөсү;

3) электрондук акча системасынын оператору/электрондук акча эмитенти түзүлгөн өлкөнүн бул багытта ишти лицензиялаган/жөнгө салган (эгерде колдонулса) финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген процессинг жана тейлөө ишин жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүүчү документтердин (лицензиянын/сертификаттын/каттоо жөнүндө күбөлүктүн ж.б.) көчүрмөлөрү же болбосо ошол органдын/юридикалык компаниянын ал түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы (лицензиялануучу/жөнгө салынуучу ишкердик түрү болуп саналбай тургандыгы) тууралуу жазуу жүзүндө тастыктамасы;

4) эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин иш алып баруу эрежеси же оператор/эмитент түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылуучу операцияларды жөнгө салуучу башка документ. Эрежеде бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасы, электрондук акчаны пайдаланууда финансылык жана техникалык тобокелдиктерди контролдоону уюштуруу иши да камтылууга тийиш;

5) эгерде эрежелерде тобокелдиктерди тескөө, маалыматтык коопсуздукту уюштуруу жана кылмыштуу каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү ишин жөнгө салган тартип каралбаса, жогоруда аталган талаптар камтылган документтердин көчүрмөлөрү кошумча берилет.

Системанын эрежелери КРнын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш

КРда электрондук акча жөнүндө Жобого ылайык эл аралык электрондук акча системасынын операторун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентин каттоодон өткөрүүгө арыз Улуттук банк тарабынан 15 календардык күн ичинде кароого алынат. Улуттук банк кабыл алынган чечим жөнүндө эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентине чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

Ошндой эле Улуттук банк борбордук банк тарабынан белгиленген талапка ылайык катталган локалдык жана эл аралык электрондук акча системаларынын реестрин жүргүзөт. Локалдык жана эл аралык электрондук акчалар боюнча маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланат.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media