Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды
Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана адам укуктары жаатындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.