Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды
КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду.
Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып 27-октябрды кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.