Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү.
Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган.
Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү документтерин текшерүү жана эмгек укуктарын коргоо маселелери боюнча консультациялар берилүүдө.
Ошондой эле алдамчылыктын кеңири тараган ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулууда.
"Мындай учурларда алдамчылар жогорку айлык акы жана кепилденген жумуш орундарын убада кылып, өз кызматтары үчүн акча талап кылышат. Жарандарга маалыматты расмий булактар аркылуу текшерүү жана белгисиз адамдарга акча которбоо зарылдыгы эскертилүүдө", - деп жазылды маалыматта.
Бул иш-чаралар 26-октябрдан 30-октябрга чейин Талас облусунда өткөрүү пландаштырылууда. Андан ары Жалал-Абад жана Чүй облустарында улантылат.