“Тамчы” АФИТ Дубайдагы AIM Congress форумуна өнөктөш болду

“Тамчы” АФИТ Дубайдагы AIM Congress форумуна өнөктөш болду

Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) 7–9-сентябрда Дубайда өткөн 15-эл аралык инвестициялык AIM Congress форумуна расмий өнөктөш катары катышты.

Кыргызстандын делегациясын “Тамчы” АФИТ башкаруу кеңешинин төрагасы Аяз Баетов жетектеди. Форумдун алкагында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жана ири компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өттү.

Жолугушууларда “Тамчы” АФИАнын укуктук жана институционалдык модели, ошондой эле Кыргызстандын жана Борбор Азиянын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Аймактын укуктук модели англиялык жалпы укуктун принциптерине негизделип, көз карандысыз жөнгө салууну, өз алдынча сот тутумун, санариптик башкарууну жана өзгөчө салык режимин камтый турганы белгиленди.

Ошондой эле “Тамчы” АФИА менен Перс булуңундагы өлкөлөрдүн финансылык борборлорунун ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык компанияларды Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы долбоорлорго тартуу маселелери талкууланды.

AIM Congress быйыл 15-жолу өтүп, ага 100дөн ашуун өлкөдөн 15 миңден ашык өкүл катышты.


Белгилей кетсек, “Тамчы” АФИА 2025-жылдын 10-июлундагы №136 мыйзамынын негизинде түзүлгөн. 2035-жылга чейин аймакта 3 900дөн ашык компанияны жайгаштыруу жана 10 миңден ашуун жумуш орду түзүлмөкчү. Ал англис мыйзамдарынын принциптерине негизделген жана эл аралык жөнгө салуунун мыкты тажрыйбаларын колдонуу менен өзгөчө юрисдикцияга ээ - аймак болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Окуу жайына электромобиль жасаган жаш жаратман менен маек

Окуу жайына электромобиль жасаган жаш жаратман менен маек

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, 21-октябрда жаңы унаанын бет ачары өткөн. Алгач ал долбоор даярдап, университет жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин ишке киришкен. Жаңы унаа электр энергиясы менен иштеп жана Күн нурунан энергия алууга мүмкүнчүлүгү бар. "Ишкер&

Ишкер Media
Кыргызстанда дагы бир кесиптик майрамды белгилөө сунушталууда

Кыргызстанда дагы бир кесиптик майрамды белгилөө сунушталууда

Кыргызстанда 16-февралды Мамлекеттик материалдык резервдин кызматкерлеринин кесиптик күнү катары белгилөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун МинКаб коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, бул күндү жыл сайын белгиленүүчү расмий кесиптик майрам катары бекитүү каралган. Долбоордун максаты - мамлекеттик материалдык резерв системасында иштеген кызматкерлердин эмгегин баалоо жана алардын кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат.

Ишкер Media
Өлкөдө 1 500дөн ашык медицина кызматкери окутуудан өттү

Өлкөдө 1 500дөн ашык медицина кызматкери окутуудан өттү

Өлкөдө неонатология боюнча 23 клиникалык протокол жана сунуштама киргизилип, 1 500дөн ашык медицина кызматкери балдар ооруларын интеграцияланган түрдө жүргүзүү боюнча окутуудан өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Самаркандагы балдар темасына арналган Дүйнөлүк саммиттин пленардык жыйынында айтты. Анын айтымында, алыскы аймактарда медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Telemed.kg платформасы

Ишкер Media
Кочкор-Атада мунай заводу курулууда

Кочкор-Атада мунай заводу курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө мунайды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүштү көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Кыргызнефтегаз" ААКсынын курамына кирген "Кыргыз Петролеум Компани" заводунда мунай продуктуларын өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган

Ишкер Media