Окуу жайына электромобиль жасаган жаш жаратман менен маек

Окуу жайына электромобиль жасаган жаш жаратман менен маек

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, 21-октябрда жаңы унаанын бет ачары өткөн.

Алгач ал долбоор даярдап, университет жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин ишке киришкен.

Жаңы унаа электр энергиясы менен иштеп жана Күн нурунан энергия алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Ишкер" медиа сайты жаш жаратманга жана мугалими Жолон Аскаровго байланышып, долбоорлук иши, пландары тууралуу сурады.

Алихан Кимсанбаев 2008-жылы 18-июлда Манас шаарында (мурдагы Жалал-Абад шаары) төрөлгөн. Шаардагы №14 С.Давлетов атындагы лицейде окуган. 9-классты аяктагандан кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледжинде IT тармагында билим алган. Азыркы учурда ЖАМУнун Информатика факультетинде 2-курсунда окуп жатат.

 — Алихан мырза, электромобилди кантип жасап калдыңыз? Идея эмнеден улам келди эле?

— Кичинекей кезимден эле автоунааларга кызыгып, бул тууралуу кыялданар элем. Үйдө болгон буюмдарды чачып, ичиндегилерди карай берет болчум. Кийинчерээк чакан унааларды жасап баштадым.

Колледжде окуп жүргөндө электромобиль жасоо боюнча долбоор чыгып калды. Аны электр тогу жана Күн панелинен энергия алып жүрө тургандай кылып жасадык.

— Аталган долбоорго канча каражат сарпталды?

— Бул долбоорду апрелдин аягында алганбыз. Ал үчүн окуу жай 280 миң сом бөлүп берген. Май, июнь айында керектүү тетиктерди буюртма берип, изилдеп, даярдык иштерин көрдүк. Андан кийин автоунааны кураштырып баштадык.

Долбоордук иште көмөк көрсөткөн ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин мугалими Жолон Аскаровдун айтымында, унаага керектүү тетиктердин айрымдарын Кытайдан алдырышкан.

"Ушул жылдын апрель айында Манас шаарында жаштар форуму болгон. Ал жерде чакан унаалардын макетин көргөзмөгө койгонбуз. Иш-чарада тийиштүү жетекчилер тарабынан бул унаанын чоңун жасоо боюнча сунуш айтылган. Андан чоң долбоордун сметасы даярдалып, окуу жайдан каражат бөлүндү. Унааны 3 айдын ичинде жасап бүттүк.  Жумуштар окуу жайдын устаканасында ишке ашырылды", - деди ал.

Аскаров мындай долбоорлор алдыда дагы улантыларын, эми робот тармагына көңүл бурууну көздөп жатышканын белгиледи.

"Буга чейинки долбоорлорубузда жашыл энергетикага көңүл буруп жатканбыз. Бул дагы алардын уландысы болду. Унаанын макетин жасаганда Күн панелинен заряд алары кошулган эмес. Анткени ал чакан болгону үчүн электр тогу менен гана жүрө турган болчу. Кийинчерээк Күн панелинен энергия алууну да коштук", - деп билдирди ал.

Илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуу жайдын жетекчилиги Кимсанбаевди Кытайдагы автоунаа чыгаруучу ишканаларга алып барып, тажрыйбасын арттырууну көздөп жатат.

Эми электромобиль университетке келген конокторду окуу жайдын аймагында кыдыруу үчүн пайдаланылат. Бул окуу жайдын алгачкы электромобили экени айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө

Бишкекте 23–25-октябрь күндөрү “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүп жатат. Анда азык-түлүк товарлары арзандатылган социалдык баада сатып алуу каралган, иш-чара Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта уюштурулууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, жарманкеде өлкөнүн айыл

Ишкер Media
Бишкек шаары Борбор Азия коалициясына кошулду

Бишкек шаары Борбор Азия коалициясына кошулду

Бишкек шаары туруктуу шаарлар үчүн Борбор Азия коалициясынын курамына кошулду. Бул тууралуу борбордун мэриясынан бүгүн кабарлады. Билдирүүгө караганда, Бишкек менен катар коалицияга Манас, Тажикстандан Исфара, Өзбекстандан Фергана жана Кокон шаарлары да кошулду. Бишкек шаарынын мэриясынын Өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Давлетбек Түгөлбаев Борбор Азия шаарларынын коалициясынын түзүлүшүн Бишкек шаары толук колдой

Ишкер Media
Кыргызстанда дагы бир кесиптик майрамды белгилөө сунушталууда

Кыргызстанда дагы бир кесиптик майрамды белгилөө сунушталууда

Кыргызстанда 16-февралды Мамлекеттик материалдык резервдин кызматкерлеринин кесиптик күнү катары белгилөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун МинКаб коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, бул күндү жыл сайын белгиленүүчү расмий кесиптик майрам катары бекитүү каралган. Долбоордун максаты - мамлекеттик материалдык резерв системасында иштеген кызматкерлердин эмгегин баалоо жана алардын кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат.

Ишкер Media
Өлкөдө 1 500дөн ашык медицина кызматкери окутуудан өттү

Өлкөдө 1 500дөн ашык медицина кызматкери окутуудан өттү

Өлкөдө неонатология боюнча 23 клиникалык протокол жана сунуштама киргизилип, 1 500дөн ашык медицина кызматкери балдар ооруларын интеграцияланган түрдө жүргүзүү боюнча окутуудан өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Самаркандагы балдар темасына арналган Дүйнөлүк саммиттин пленардык жыйынында айтты. Анын айтымында, алыскы аймактарда медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Telemed.kg платформасы

Ишкер Media