Кыргызстанда дагы бир кесиптик майрамды белгилөө сунушталууда
Кыргызстанда 16-февралды Мамлекеттик материалдык резервдин кызматкерлеринин кесиптик күнү катары белгилөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун МинКаб коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, бул күндү жыл сайын белгиленүүчү расмий кесиптик майрам катары бекитүү каралган.
Долбоордун максаты - мамлекеттик материалдык резерв системасында иштеген кызматкерлердин эмгегин баалоо жана алардын кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат.
Эмне үчүн 16-февраль?
Долбоордун негиздемесинде бул дата мамлекеттик материалдык резерв системасынын тарыхына байланыштуу экени айтылат. 1938-жылдын 16-февралында СССР Эл Комиссарлар Кеңешинин токтому менен Ташкент шаарында Орто Азия аскердик округу боюнча резервдер башкармалыгы түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгү ошол кездеги Кыргыз ССРинин аймагын да камтыган.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин, 1992-жылдын 15-январында Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду түзүлгөн. Учурда фонд Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында иш алып барып жатат.
Долбоордун авторлору кесиптик майрамды белгилөө кызматкерлерди шыктандырып, тармактагы кадрларды сактап калууга жана мекеменин ишинин маанисин коомчулукка таанытууга өбөлгө түзөт деп эсептешет.
Токтом долбоорунун негиздемесине ылайык, жаңы кесиптик майрамды белгилөө үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт. Майрамдык иш-чаралар фонддун бекитилген бюджетинин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен өткөрүлөт.