Кочкор-Атада мунай заводу курулууда
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө мунайды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүштү көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Кыргызнефтегаз" ААКсынын курамына кирген "Кыргыз Петролеум Компани" заводунда мунай продуктуларын өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Кочкор-Ата шаарында жылына 450 миң тонна мунай продуктуларын өндүрүү кубаттуулугуна ээ жаңы мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылууда.
Ишкана 2026-жылдын аягына чейин толук кандуу иш режимине өтөт деп күтүлүүдө. Долбоордун алкагында болжол менен 300 жумуш ордун түзүү пландалган.
Мунайды кайра иштетүү тармагындагы долбоорлор ата мекендик өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын өнөр жай дараметин жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда жалпы 12 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүргүзүлүүдө. Анын ичинен 990 батир Ноокен районунда, 954 батир Кочкор-Ата шаарында каралган.
Турак жай курулушу жана өнөр жай долбоорлорунун ишке ашырылышы аймактын экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.