Бүгүн республикалык ишембилик өттү

Бүгүн республикалык ишембилик өттү

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын катышуусунда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү. Экологиялык акция өлкөнүн бардык аймактарында, шаарларында уюштурулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мындай экологиялык иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруунун жана аймактардын тазалыгын сактоо үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады