Чоң-Алайда Соцфонддун жаңы имараты ачылды
Социалдык фонддун Чоң-Алай райондук башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Жаңы имарат пенсиялык системаны реформалоо жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу алкагында курулду.
Эки кабаттуу, жалпы аянты 247 чарчы метр болгон имарат заманбап талаптарга жооп берип, жарандарды кабыл алуу жана пенсиялык, социалдык камсыздоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Имараттын курулушу Социалдык фонд тарабынан каржыланды.
Фонддун маалыматына ылайык, реформанын негизги багыты - кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аймактык башкармалыктардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.