Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, коомдук же атайын уруксат берилбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат.

Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган “Тамеки тартуу” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Ага ылайык, “Саксаул”, “Пинта”, “Ориентал”, “Ночной Баку”, “40 на 40” жана “Империя пиццы” кафелеринде жана ресторандарында текшерүү жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында 20дан ашык протокол түзүлүп, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 110 миң сомдон ашты.

Бишкек шаарын ИИББнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, аныкталган укук бузуунун мүнөзүнө жараша айып пулдун өлчөмү - 5 500 сомдон 10 000 сомго чейин болду.  
ИИМ өкүлдөрү – жарандарды мыйзам талаптарын сактоого жана тамеки ошондой эле электрондук тамекилерди тартууга тыюу салынган жерлерде аларды колдонуудан баш тартууга чакырышууда. Бул багыттагы профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media