8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт
2026-жылдын 8-октябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, өчүрүүлүүчү райондорго төмөнкулөр кирету:
- Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча cуусу – Бөкөнбаев көчөсү
- Кулиев көчөсү –Москва көчөсү – Дмитров көчөсү – Орозов көчөсү– Казаков көчөсү
- Чүй проспектиси - Ала-Арча суусу –Жибек-Жолу проспектиси – И. Айдарбеков көчөсү –
- М. Фрунзе көчөсү –Турусбеков көчөсү–Чүй проспектиси –Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси.

Суу берүүнүн убактылуу токтотулушунун себептери “Батыш-2” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болоору маалымдалды.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы - келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурап, аталган аймактагы жашоочуларды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт.