Казанда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлору жолугушту

Казанда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлору жолугушту

Орусиянын Казань шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйын КМШ башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана ШКУ башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында уюштурулду.

Кыргызстандын атынан Башкы прокурордун орун басары - Аскер прокурор Кубанычбек Байдылдаев катышты.

Жолугушуунун негизги темасы - чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл менен камсыз кылуу. Катышуучулар чек арага жакын аймактарда укук бузуулардын алдын алуу, контрабандага, курал-жарактын жана баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелерин талкуулады.

КМШ өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ал эми ШКУ алкагындагы жолугушуу Протокол менен бекитилди.

Ошондой эле Байдылдаев Орусиянын Башкы аскер прокурору В. Петров жана Кытай армиясынын Аскер прокурору Сунь Сюцзюнь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мындан тышкары окуңуз

8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

2026-жылдын 8-октябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, өчүрүүлүүчү райондорго төмөнкулөр кирету:  -        Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча

Ишкер Media
Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери

Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери

Бүгүн, “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, анын алкагында “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” жана “Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу” республикалык кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Төраганын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин

Ишкер Media
Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн Ош шаарында "Клиника Ош" медициналык борбору ачылды. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, фондго ыраазычылык билдирди. "Бул долбоор Кыргызстан

Ишкер Media
Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?

Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бирок Орусиянын Иркутск облусунда чума катталгандан кийин профилактикалык иш-чараларды билүү жана колдонуу керек. Бул тууралуу Карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемологу Кубанычбек Бектурдиев айтып берди. Чума – курч мүнөздө өтүүчү жугуштуу, коркунучтуу оору. Бул оору кемирүүчүлөрдөн, өзгөчө жайлоолордон жугат. Ушул себептүү чумадан сактануу

Ишкер Media