КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуусу болду

КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуусу болду

Россия Федерациясынын Казань шаарында КМШ катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана ШКУ мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында эки бирикменин мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуулары болуп өттү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан Башкы прокурордун орун басары - К. Байдылдаев катышты. Жолугушуунун негизги маселеси чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо болду.

Катышуучулар чек арага жакын аймактарда укук бузууларды алдын алуу, контрабандага, курал-жарактын жана баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, ошондой эле миграциялык режимдин талаптарынын бузулушуна каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кесиптик тажрыйба алмашууга жана макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

КМШга катышкан мамлекеттердин өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыктары Протокол менен бекитилди.

Ошондой эле К. Байдылдаевдин Россия Федерациясынын Башкы прокурорунун орун басары - Россия Федерациясынын Башкы аскер прокурору В. Петров жана Кытай Элдик-боштондук армиясынын Аскер прокурору Сунь Сюцзюнь менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. Тараптар аскер прокуратураларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш ар кыл тармактын алдыңкы адистерине сыйлыктарды тапшырды

Жогорку Кеңеш ар кыл тармактын алдыңкы адистерине сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, ЖКтин төрагасы Марлен Маматалиев ар кыл тармактын алдыңкы адситерине Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде Маматалиев мамлекеттин өнүгүшү ар бир жарандын жасаган ишине көз каранды экенин белгилеп өттү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматында, кимдер жана кандай эмгеги үчүн сыйлыктарды алгандыгы тууралуу так маалымдалган эмес. Билдирүүгө караганда, төрага

Ишкер Media
8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

2026-жылдын 8-октябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, өчүрүүлүүчү райондорго төмөнкулөр кирету:  -        Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча

Ишкер Media
Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери

Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери

Бүгүн, “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, анын алкагында “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” жана “Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу” республикалык кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Төраганын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин

Ишкер Media
Казанда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлору жолугушту

Казанда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлору жолугушту

Орусиянын Казань шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалымдалгандай, жыйын КМШ башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана ШКУ башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында уюштурулду. Кыргызстандын атынан Башкы прокурордун орун басары - Аскер прокурор Кубанычбек Байдылдаев катышты. Жолугушуунун негизги темасы - чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл

Ишкер Media