Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери
Бүгүн, “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, анын алкагында “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” жана “Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу” республикалык кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Төраганын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын эмгек сиңирген ардагерлери, эл аралык өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун атынан билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мамлекет башчысынын куттуктоосун окуду.
“Кыргызстандын келечеги – тарбиялуу, билимдүү жана жоопкерчиликтүү муундун колунда. Мындай муунду тарбиялоо – сиздердин колуңуздарда! Сиздерге талыкпаган мээнетиңиздер, бекем сабырыңыздар, балдарга болгон сүйүүңүздөр үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем”, – деп айтылат Президенттин куттуктоосунда.
Салтанаттын алкагында "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын Гран-при сыйлыгы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылынын мектебинин мугалими Меруэт Бакировага ыйгарылды. Ага Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды.

Меруэт Бакирова — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин мугалими.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын предметтик номинациялары боюнча жеңүүчү болгон 14 мугалимге жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык кароо-сынагынын төрт номинациясы боюнча жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.


